www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келечекте акылдуу адам боло турган балдар кичинесинен эле көп нерсеге кызыгып, эч качан бир орунда отура алышпайт. Бул тууралуу "Известия" басылмасына балдар психологу Полина Заргарова айтып берди.

"Мындай балдар жаңы оюнчук сатып бергенде аны менен ойноого кызыкпай, ичинде эмне бар экенин, кандайча кыймылга келерин билүүгө ашыгат. Мисалы, жапжаңы оюнчук бир нече сааттын ичинде экиге бөлүнүп калса таң калбаңыз. Ошондой эле көптү билгиси келген балдар үйдү көп чачышат", — деди психолог.

Мындан тышкары, бүтпөгөн суроолор менен ата-энесин көп кыйнайт. Мисалы, эмнеге катуу жерге отурган ыңгайсыз, эмнеге байпак бат жыртылат, эмнеге коңшу кара эмес ак түстөгү ит багып алган деген сыяктуу суроолор кызыктырат.

Андыктан психолог баланын ар бир суроосуна жооп берүүгө аракет кылууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости