www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясын балдар оор көтөрүп жатканын кантип байкаса болорун РИА Новости агенттигине Роспотребнадзордун эпидемиологу Александр Горелов айтып берди.

"Баланын дем алуусу оорлосо, үч күндөн ашык дене табы көтөрүлсө дарыгерге кайрылып, рентгенографияга түшүшү керек. Бул вирус организмди алсыратып, илдет оор өтүп жатканынан кабар берет", — деди Горелов.

Ошондой эле баланын денесине кызыл бүдүрлөрдүн чыгышы Кавасаки синдромунан да кабар берет. Ал эми сасык тумоонуку сыяктуу белгилерден коркуунун кереги жок, бирок такыр да көңүл бурбай койгон болбойт.

Адис кошумчалагандай, адатта чоңдорго салыштырмалуу балдарда коронавирус инфекциясы жеңил өтөт. Бир жылдык изилдөө жугуштуу ооруну оор көтөргөндөр бейтаптардын 0,2 пайызын балдар түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости