www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик жаңжалында Орусия ким тарапта болгон?

Сапар Исаков тышкы иштер боюнча кеңешчи катары Атамбаевди бир гана Орусияга сыйындыртып жүрүп, бүт башка мамлекеттер менен алыстаткан дешет. Эми ошонун мөмөсүн терип жеп, Кремлде жүрөт. Сапар Исаковдун кадамдары менен Бажы Биримдигине же ЕврАзЭКке өткөнбүз. Экономика илимдеринин доктору, тажик профессору Ходжамахмад Умаров ЕврАзЭКке эртерек өтүү керек экенин баса белгилеп «Азия-Плюс Таджикистан» басмасына маек берген: “Жакында Санкт-Петербург шаарында кыргыз менен тажиктер иштеген жерде болдум. Кыргыздар ал жерде кассир, склад башчысы, экспедитор, товар бөлгүч деген татыктуу кызматтарда иштешет экен, ал эми тажиктерге мындай иштерге уруксат беришпейт. Тажиктер көчөлөрдө короо шыпыргыч, жер төлөөлөрдө эң оор шарттарда иштешет. Кыргыздардын айлык акысы тарыхий жактан соодага жөндөмдүү тажиктерге караганда 2-3 эсе көп. Чындыгында тажиктер соода кылып, кыргыздар жер төлөөдө оор жумуштарда иштеш керек эле” - деген.

Тажикстан менен Кыргызстан Орусия менен өнөктөш мамлекеттер. Жамааттык Коопсуздук кызматташтык уюмунда жана Шанхай кызматташтык уюмунда бул эки өлкө тең кирген. Ал эми Бажы Биримдигинде же ЕврАзЭКте бир гана Кыргыз Республикасы бар, Тажикстан бул уюмга кирбегендиктен соода –экономикалык жактан Кыргызстан утушка ээ болуп, ЕврАзЭКтен бир аз арзандатылган товарларды алат. Андан тышкары Орусиянын Белорус менен түзгөн биримдиги бар, бул Биримдиктин ЕврАзЭКтен айырмасы бул эки мамлекеттин жарандары бири-бириникине барып, жашай берсе болот. Же паспорт режими жөнөкөйлөштүрүлгөн. Биздин мамлекет да ушуга жетсек жакшы болмок. Тажикстан ЕврАзЭКке кирбегендиктен керектүү товарлар кымбатталып сатылат. Тажикстандын айыл чарба товарлары да арзан алынат. Өткөн жылдары айыл чарба министрлигинде чоң коррупция колго түшкөн. Алар Тажикстандан айыл чарба товарларын алышып Кыргызстандын  айыл чарба продуктылары ЕврАзЭКке катары кымбат баада сатышып, ортосунда миллиондогон пайда көрүп турган. Андан тышкары Орусия сыяктуу ЕврАзЭКтин мамлекеттери берген арзан мунайзат Баткен облусу аркылуу Тажикстанга контрабанда аркылуу өтүп жатат. Буга чек коюлушу керек эле.

1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн. Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан ЖККУ келишимин узартышып, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Өзбекстан ЖККУга мүчөлүктөн чыгып кеткен, ЕАЭБде да жок. Ошондуктан, Өзбекстан бул уюмдарга кайра кирүү маселесин карап жатат.

Чындыгында Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, Орусия жолун бууп салса, Кыргызстандын экономикасы шал болуп калат. Ал эми АКШ визага тыюу салмактан миң салсын, Кыргызстан АКШтын визасы жок эле өмүр сүрө берет. Атамбаевдин заманында АКШтын авиабазасы “Ганси” Кыргызстандан чыгарылган. Бул авиабазаны өздөрүнө алыш үчүн Казакстан, Өзбекстан даай албай турушат. Анткени, Борбор Азияда АКШтын базасынын турушу Орусия менен Кытайдын кызыкчылыгына жооп бербейт. Азыркы учурда Тажикстан менен Казакстан ЖККУга активдүү мүчө болсо дагы, АКШ менен терең кызматташуу программаларына тынбай катышышат. Биздин башкы штабдын генерал сөрөйлөрү ошону көрүп атышты бекен, буларды бекер акча алдырбай азыркы бийлик чуркатса болмок. АКШ Тажикстанга жардам көрсөтүп турат. Эгер Тажикстан ЖККУга мүчө болуп туруп НАТО менен иштешип жатышса, эмнеге Кыргызстан да иштешсе болбойт?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке келиши жана анын жылына 60 миллион доллар берип турган «Ганси» авиабазасынын чыгарышы Владимир Путиндин көрсөтмөсү менен болгон. Бүгүнкү учурда АКШ Борбор Азияда өзүнүн таасирин бекемдөө үчүн жан-алакетке түшө баштады. Вашингтон табыгий кендерге бай Борбор Азияга көзү түшүп, буларды өз таасирине алыш үчүн катуу чамынып жүрөт. Ошондон улам, Москва да колунда турган даяр «талканды» аларга бере салбаш үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстанды бириктирип Кытайдын Шанхай шаарында бешилтик келишимине кол коюшат. Кийин бул Шанхай кызматташтык уюму (ШОС) болуп өсүп кеткен. ШКУга да Кыргызстан менен катар Тажикстан да бар. Ошондуктан, Орусия кыргыз - тажик чек арасында ал-абалды эмнеге курчутат эле, тескерисинче азербайжан-армян чыр-чатагында ортого түшүп, ал-абалды тынчтандырган, ошодуктан чек арада чыр-чатак болушуна Орусия кызыкдаар эмес..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости