www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва облусунун Балашиха шаарында 9-июнда автоунаада болгон жарылуудан Орусиянын Коргоо министрлигинин Ракета-артиллериялык башкармалыгынын ракета жана курал-жарак ташуу бөлүмүнүн башчысы Дамир Давыдов каза болду.
Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети маалымдады.
Расмий билдирүүдө унаада жардыргыч зат жарылып, BMW X3 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгону айтылды.
Бирок мекеме каза болгон адамдын аты-жөнүн ачыктаган жок.
Буга чейин украиналык расмий өкүлдөр жана айрым орусиялык Telegram-каналдар каза болгон адам Давыдов экенин билдиришкен.
Маалыматтарга ылайык, ал Балашихадагы Авиаторлор кичирайонунда жашап келген.
Ошондой эле жарылган унаа Давыдовдун уулу — Аскер академиясынын курсанты Рафаил Давыдов социалдык тармактарга жарыялаган BMW X3 унаасына окшош экени айтылууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жардыргыч зат унаанын арткы бөлүгүнө коюлган. Жарылуудан кийин унаа бир нече метр жылып барып, жакын турган башка автоунааны сүзгөнү кабарланды.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.