www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШга таандык MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппаратты жок кылганын жана Иордания аймагында жайгашкан АКШнын аскердик базасына сокку урганын билдирди.
КСИРдин 10-июндагы билдирүүсү “Tasnim” агенттиги тарабынан таралган.
Билдирүүдө мындай деп айтылат:
“Иран ракеталары Иорданиядагы Муваффак Салти атындагы АКШнын аскердик базасын сокку урду”.
Базанын жабыркашы тууралуу так маалымат берилген жок. Ошол эле учурда агенттиктин маалыматына ылайык, АКШнын аталган аскердик объектиси Patriot абадан коргонуу системасы менен корголгон, бирок ал ирандык соккуларды токтото алган эмес.
Ошондой эле мындай деп белгиленет:
“АКШнын Patriot системасы Муваффак Салти авиабазасын бутага алган ирандык ракеталарды нейтралдай алган жок”.