www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин, ЖКнын депутаты Балбак Түлөбаев, Facebook баракчасына президенттин алтын сатып алгыла деген пикирин колдоп, "Биз да Түркия мамлекетиндей мааракелерде акчанын ордуна алтын берүүнү салтка айлантсак" деген өз оюн билдирген. Бүгүн ал билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.
"Урматтуу достор, урматтуу калайык! Мен бүгүн алтын боюнча бир сунуш айтсам, элдердин баары мени урушуп жатышат. Ошол боюнча түшүндүрүп кетейин дедим:
- Мисалы Түркияда тойлорго кошумча катары алтын алып барышат. Баары бир той-ашка кошумча кошуп, тай же торпок жетелеп барабыз. Ошонун ордуна биз дагы алтын берели деген ойдо айткам. Андыктан, сиздер туура түшүнүңүздөр, алтын албасаңар албай эле койгула.
Торпок, тай берем десеңер бере бергиле, акчалай алып барам десеңер акча алып бара бергиле. Бул жөн гана менин пикирим. Макоо экенсиңер, чимкирик экенсиңер деп урушпаңыздар, бул мыйзам эмес. Болгону экономикага жандуу акча кирсин деген пикир болчу", - деди эл өкүлү.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров жалпы элге кайрылып, акчаны акчалай сактабастан, алтын кылып сактоону сунуштаган. Анткени, алтын эч качан кунун жоготпойт. Кайрылуудан кийин Улуттук Банкта алтын алуучулар кезекте турганы да айтылган.
Булак: NazarNews.kg