www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы операцияны баштоого Орусия мажбур болду. Себеби Батыш РФтин айткандарын такыр уккан жок. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн, 3-мартта, Лавров орусиялык жана чет элдик ЖМКларга интервью берди.
"Биз мындай чечим кабыл алууга мажбур болдук. Себеби бизди угушкан жок (Батыштагылар). 30 жыл бою, тагыраагы, 1991-жылдан бери бизди алдап келишти", — деди министр.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина-Орусия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. ЛЭР менен ДЭРдин жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган жана ошол эле үнү таң эрте менен Украинага каршы согуш башталган.
28-февралда Орусия менен Украина делегациясы Беларустун аймагында жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Жакын арада сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өтөт.
Булак: NazarNews.kg