www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения парламенти Ваагн Хачатурянды эл президенти кылып шайлашты. Анын кандидатурасына “Жарандык келишим” фракциясынын 71 депутаты "макул" деп добуш бергендиги тууралуу Sputnik Армения жазып чыкты.
Басылманын берген маалыматында, алгачкы турда депутаттар Жогорку технологиялар жана өндүрүш министри болгон Ваагн Хачатурянды шайлай алышкан эмес. Себеби, 10 добуш жетпей калган. Биринчи турда жетиштүү добуш алалбаганына байланыштуу эң көп добуш алган эки талапкер кайра коюлуп, экинчи турда Хачатурянга 65 депутат «макул»добуш берди.
Ал арада "Айастан" жана "Честь имею" оппозициялык фракциялары кандидаттарын сунуштабай, бул маселени кароого бойкот жарыялаган.
Белгилей кетсек, Армениянын бешинчи президенти шайлангандан 10 күн өткөндөн соң расмий ишке киришет.
Булак: NazarNews.kg