www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда "Асман шаарына капсула салынган жатат, мына жомок деп жаттыңар эле, ишке ашмай болду", - дешип делдеңдегендер арбын. Маселенин өйдө-төмөнүн карап, ой калчагандар жокко эсе.
Мына Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн тагдырына роль ойной турган эки чоң маселени чечмейин, Асман шаарын салыштын кажети жок экенин айтты.
Бул тууралуу 26-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмасын тазалоо зарылдыгын, экинчиси Кажы-Сай шаарчасындагы уран иштеткенден калган уу калдык сактоочу жайдын экинчи этабын бүткөрүү керектигин белгиледи.
Мындан улам, эл өкүлү: "Мына ушул экөө жарылса көлдү жабыш керек. Эки жылдан бери какшап келе жатам. Өзгөчө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулма толду, эгер тез арада тазаланбаса, ал жарылса Асман шаарын салыштын, Караколго аэропорт салгандын мааниси жок. Туризмди ошону менен көмүп койсо болот",-деп коңгуроо какты...
Ырасында, Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмасын тазалай албай жатып, Асман шаарын салыштын мааниси барбы? Мурдубузга карап бышкырып, төшөгүбүзгө карап бут сунсак болмок.
Булак: NazarNews.kg