www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга сынак жарыялайт. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат:

- "Адабият жаатындагы мыкты чыгарма";
- "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма";
- "Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик";
- "Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)";
- "Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор";
- "Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы";
- "Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)";
- "Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш";
- "Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик";
- "Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик";
"Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн".

Талап кылынуучу документтер:
- сунуштоочу кат;
- чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколу;
- кыскача өмүр баян (4x6 см. 2 фотосүрөт);
- чыгармачылык мүнөздөмө;
- сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
- иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы;
паспорттун көчүрмөсү.
Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттарга диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.

Документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору: 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости