www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактагы Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыштан улам, Орусия башка өлкөлөргө азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоону убактылуу токтотту. Буга байланыштуу биздин өлкөдө да баалар кымбаттап, айрыкча кумшекер менен унга болгон суроо-талап күчөдү. Өлкөбүздөгү мындай көрүнүштөрдөн соң, эл өкүлү Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу коомчулукка видео-кайрылуу жасады.

"Азыркы убакта шекер, ун, май боюнча дүкөндөрдө аябай ажиотаж болуп жатат. Бул туура эмес көрүнүш. Май дагы, ун дагы, шекер дагы кымбаттабайт. Баары болот. Бул баягы пандемияга окшоп жатат.

Урматтуу Өкмөт, бул маселени тез аранын ичинде чечүү керек. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Антимонополиялык комитетти базарларга жиберүү керек. соода жайларына барып, алардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек" - деп билдирди Балбак Түлөбаев.

Ошондой эле, эл өкүлү калкты сабырдуу болууга чакырып, "Пандемия убактагыдай жыйып койгон азык-түлүктөрүңөрдү чиритип, ыргытканы турасыңар" - деп эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости