www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет - Владимир Зеленский чындап эле Украинанын келечегин ойлосо, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн “алты маанилүү пунктту” аткарууга милдеттүү экенин билдирди.

"Зеленский, анын сөздөрүндө белгилүү болгондой чындап эле Украинанын келечегине кам көрүп жатса, анда алты маанилүү пунктту аткарууга милдеттүү. Алардын арасында денацификация, демилитаризация, өлкөнүн конституциясында бейтарап статусун жана Украинанын көпчүлүк жарандары сүйлөгөн орус тилин мамлекеттик тилдердин бири катары бекитүүнү, ошондой эле Крымдын Орусияныкы экенин жана Луганск менен Донецк Элдик Республикаларынын көз каранды эместигин таануусу керек",- деди Шеремет РИА Новостиге.

Анын айтымында, Украина Орусиянын жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган өлкө болуусун токтотушу керек.

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылышуулар башталгандан бери эки тараптын өкүлдөрү 3 ирет жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдөн жакшы жыйынтык чыга элек. Ал эми Украинанын президенти Зеленский кайрадан сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости