www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Балбак Зарлыкович, бир жолу сессияда райондук акимчиликтерди, облустагы өкүлчүлүктердү жоюш керек деп айттыңыз эле. Алардын айрымдары жакшы иштебей жатканы үчүнбү, же облустук өкүлчүлүктөр бийлик институту катары кереги жок дейсизби?

- Бизде акимиаттар, анан МТУлар бар. Экөөнүн бири менимче, ашыкча. Бишкек шаары боюнча 21 МТУ бар, ал калаанын баарын камтыйт, анан акимиаттар бар. Алардын колунда эчтеке жок, статист эле болуп калган. Негизги иштердин баарын МТУлар аткарат. Кээ бир айыл өкмөттөрдө 4-5 миңден киши болсо, кээ бир айыл өкмөттөрүндө 50 миңге чейин калк жашайт.

Ошон үчүн райондорду, айыл өкмөттөрүн бириктирип, ирилештирип, аймактык реформа жүргүзүү керек го деп ойлойм. Мен өзүм өкмөттүн облустагы өкүлү болуп иштегем. Губернаторлор символик түрдө эле болбосо, эч кандай деле функциясы жок. Райондор аткарат. Облустук структуралар дээрлик жок.

Мисалы, Караколдун салык кызматы Көлдү координациялайт. Ошон үчүн ирилештиребизби, айтор, бир системага келтириш керек да. Бул менин тажрыйбадан алган жеке оюм. Калганын өкмөт өзү чечет.

- Облустагы өкүлчүлүктөрдү жоюу идеясы өткөн 6-чакырылышта эле көтөрүлгөн болчу. Эмне үчүн колдоо тапкан жок деп ойлойсуз?

- Себебин билбейт экем. Ар кимдин өз ою бар да. Өкмөт мобилдүүрөк иштеши үчүн өзүн бир аз кичирейтиши керекпи дейм да.

- Кээ бир чиновниктер саботаж кылып жатат дедиңиз...

- Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган - бул саботаж да. Элге түшүндүрө албаган, барып иштегиси келбеген - бул саботаж да. Айыл чарбасында болуп жаткан реформаларды элге түшүндүрө, жеткире алышпайт. Атүгүл өздөрү түшүнүшпөйт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости