www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата округу) парламенттин мурунку жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев каржы министрине көз кысканынын себебин түшүндүрдү.

«Алмас мырза, бая күнү ушул жерден өкмөттүн мүчөлөрү келгенде генерал Ташиев көз кысканда ушул жерде отургандардын көбү түшүнбөй калды окшойт. Минфин менен тиги энергетиктерге: «Эй, могу Акбөкөндүн акчасын берип койгула» деп көз кыскан. Алар түшүнбөй калды окшойт», - деди депутат.

Эске сала кетсек, Канттагы Орусиянын авиабазасы Кыргызстанга жылына канча акча төлөйт? Бул тууралуу депутат Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата округу) 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевден сураган. «Бизде эч кандай маалымат жок, буга Каржы министрлиги жана өкмөт башчы жооптуу», - деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов каржы министринен суроого жооп берүүнү суранды. Ага удаа Ташиев министрге карап көзүн кысып, башын чайкап, маалымат жок экенин кайталады. Мамытов министрлер кабинетинин өкүлдөрүн бул маалыматты тактагандан кийин депутатка жооп берүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости