www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин учурунда жардамга муктаж болгондор арбын. Мына ушундай шартта колунда жок, жону жукаларга жардам катары берилип жаткан Мамрезервдин уну базарларда сатылып жатканы боюнча социалдык тармактарда сүрөттөрү менен маалыматтар тарап, элди нааразы кылган болчу.
Тарап жаткан маалыматта Бишкек шаарынын «Чынар» базарында Мамлекеттик материалдык резерв фондунан берилген ун сатылып жатканы көрсөтүлөт.
Буга дейре өкмөт тарабынан жардам алып жаткан жарандарга берилип жаткан азык-түлүктүн баасы өз баасынан бир топ кымбат бааланып берилип жатканы да коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. 
Бирок мындай маалыматтар чындыкка туура келбей турганын Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев бүгүнкү маалымат жыйынында айтты.
Бул боюнча Түлөбаев: «Чынар» базарына түшүрүлгөн ун - №19 муниципалдык башкармалыкка берилген ун. Ун ал базарга түшүрүлүп, эки күн ичинде ошол жерден аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилген. Сатылган эмес. Мамлекеттик материалдык резерв фондунан гуманитардык жардам катары берилген ун, кумшекер жана башка азыктар эч качан сатылбайт. Ага биз башыбыз менен жооп беребиз. “Азиз” базарына кумшекер түшүрүлгөнүнө себеп ошол жер сактоого эң ылайыктуу жер болгон. Азыркы учурда ошону (гумжардамдарды) сатса Кудай уруп кетпейби?! », - деп билдирди. 
Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 600 тонна ун, 90 тонна кумшекер берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости