www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө абал учурунда жарандарга азык-түлүк жеткирүү жана түз байланыш кызматтарын аткаруунун башында турган, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Балбак Түлөбаев тишелүү иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жана анын четинде жашаган 90 миңге жакын үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен 4300 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан баштыктар таратылууда.

"Карантин маалында 7 багытта иш алып бардык. Биринчиси, өкмөт 6 миң кап унду шаардагы райондорго бөлүп берген. Экинчиси, Бишкек шаарындагы кайрымдуулук фонддору тарабынан 15 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүү убадаланган, алардын 10 миңине таратылды. Дагы таратылат. Үчүнчүсү, шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 17 миң үй-бүлөгө жардам берилди. Алардын баары Бишкекте турган көп балалуу энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, согуштун катышуучулары.

Төртүнчүсү, Бишкек шаарындагы бизнес өкүлдөрү 22 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Жардам көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз. Алар оор учурда кол куушуруп карап отурушкан жок.

Бешинчиси, өкмөттүн жардамында Ак-Жар, Ак-Ордо-1-2-3, Селекция жана башка жаңы конуштардын жашоочуларына жардам таратылды.

Алтынчысы, Борбордук штаб тарабынан Бишкектеги 1000ге жакын адамдарга азык-түлүк берилди.

Жетинчиси, Бишкекте жана анын тегерегинде жашаган 30 миң ички мигранттарга 1208 сомдук азык салынган баштыктар таратылды. Алар жардамга муктаж болгондор", - деди Түлөбаев.

Буклак: NazarNews.kg

Последние новости