www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Балбак мырза, акыркы алты айда пандемияга байланыштуу көп кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Айрыкча көлдүктөр бир жылдык нанын тапкан туристтик сезон жокко эсе болуп, «көлдүктөр кышында ачкадан өлөбүз» деген нааразылыктар да айтылды...

- Акыбал андай өтө жаман эмес. Эл аралап өтө кыйналган адамдарды деле учурата алган жокмун. Өрүктөрүн сатып, колундагы мал-жаны менен болушунча аракеттерин көрүп жатышат. Кыйынчылыктар жок эмес. Жылда болуп жүрчү туристтик сезон болбой калды, бирок шүгүр дейли. Ачкадан өлө турган акыбалда эмеспиз. Өтө ошондой кыйналгандар болсо, мамлекет, өкмөт жардам берет. Мисалы, өрүк түшүмдүү болуп, 50 сомдон жакшы баага сатышты. Буудай, картошкалары бышып жатат. Өтө кыйналгандарды көрө алган жокмун. Социалдык объектилер ж.б. нерселер боюнча суроо талаптар бар. Алар боюнча аракет көрүп жатам. Өрүктөр жакшы экспорттолду. Эми жашылча-жемиштердин дагы жакшы баасы чыгып, экспорттолуп, элдин жайкы мээнети бул жагынан акталабы деген үмүттө турабыз.

Булак: Азия Ньюс

Последние новости