www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамы (Бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчысы институтунун ишмердүүлүгү жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик органдар менен иштөөнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бизнес-акыйкатчы менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле борбор калаада ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоого даяр экендигин билдирди.
Булак: NazarNews.kg