www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш калаага мурдагы курулушчу Азиз Суракматов мэр болуп шайланган соң Бишкек мэриясына аппарат башчылык кызматка "Аю" компаниясынын вице-президенти болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаевди аппарат башчылыгына дайындады. "Азаттык" бул дайындоонун чоо-жайына, кызыкчылыктар кагылышы тууралуу айтылган сөздөрдүн негиздүүлүгүнө кызыгып, мэриянын жаңы аппарат башчысын кепке тартты.

"Азаттык": Сиздин Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп дайындалганыңыз чынында көпчүлүккө күтүүсүз болду жана кайчы пикир жаратты, талаш-талкууга да кабылды. Сиз буга чейин жетекчилик кызматта иштеген "Аю холдинг" компаниясы шаардагы эң жакшы жерлерде көп батирлүү үйлөрдү курат, бир катар тармактарда бизнес менен алектенет. Ушундан улам сиздин кирешелүү ишкерликтен, ири компаниядан мэрияга келгениңизди кантип түшүнсө болот? Кызыкчылыктар кагылышы тууралуу доомат негиздүүбү?

Балбак Түлөбаев: Мен "Аю холдинг" компаниясы менен эч кандай өнөктөштүк келишим түзгөн эмесмин, эч кандай өнөктөш болгон эмесмин. Мен ал жакта менежер катары жалданып иштегем. Өзүңүз билесиз, 13 жыл мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, 2010-2013-жылдары "Аят" гезитинде саясий баяндамачы болдум. Ал жакта иштеп жүргөндө мени "Аю" компаниясынын жетекчиси "бизге келип иштеп бербейсиңби" деп чакырды. Ошол жакка барып иштедим. Азыр турмуш жолумдагы бир барак жабылды десем болот.

Бишкек шаарынын мэри мени өзүнүн командасына чакырды, мен ушул жерге келдим. Эми мамлекеттик кызматкер болгондон кийин, муниципалдык кызматкер болгондон кийин жалаң мамлекет үчүн, мэрия үчүн, мага иш берип жаткан мэр үчүн иштейм. Эч кандай кызыкчылыктар кагылышы болбойт. Биз эч кимге тартпайбыз.

"Азаттык": Сиздин бул кызматка келишиңизге "Аю холдинг" ишканасынын директору Шаршенбек Абдыкеримовдун канчалык салымы бар? Ал жетектеген "Кыргызстан" партиясынын Жогорку Кеңеште, Бишкек шаардык кеңеште фракциялары бар жана алар башкаруучу коалицияга киришет. "Кыргызстандын" өкмөттө, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда квоталары бар экени белгилүү эмеспи.

Балбак Түлөбаев: Бул жерде Шаршенбек Абдыкеримовдун эч кандай квотасы да, тийиштиги да жок. Мени мэр чакырды. Чынында аябай ойлондум, анан мэрге жардам берейин деген чечимге келдим. Шаардыктарга, балдарыма, тарых алдында салымым болсун деген ниет менен гана ушул жакка келдим. Мен бул жерде билимим, тажрыйбам жетишинче катуу иштейм. Жетише албай, иштей албай калсам анда кызматтан кетем. Турмуш өзү көрсөтөт.

"Азаттык": Азиз Суракматов менен тааныштыгыңыз тууралуу айтып бересизби? Биринчи жолу качан, кандай жагдай кездешкенсиңер, мамилеңер кандай эле?

Азиз Суракматовдун шайлануу тартибине каршы чыккандардын нааразылык акциясы. 8-август, 2018-жыл.

Балбак Түлөбаев: Азиз экөөбүз башында каршылашканбыз. Экөөбүз 2004-жылы Биринчи май - Түндүк округунан шаардык кеңешке ат салышкан элек. Ал менин саясий атаандашым болгон.

Ошол жерден таанышып, программаларыбызды элге айтып жүргөндө таанышканбыз. Мен ал шайлоодо жеңилип калгам. Экөөбүз ошол жылдардан бери таанышпыз. Көрүшүп калган жерден учурашып жүрдүк. Мен Жогорку Кеңеште, президенттин иш башкармалыгында иштеп жүргөндө, бизнеске өткөндө, кыскасы ар дайым тааныш болуп, жакшы мамиледе жүрдүк.

Үй-бүлөбүз менен катышкандай өтө дос эмеспиз, бири-бирибизге сый-урматыбыз бар. Ал мэрликке шайланып жатканда ал тууралуу жакшы пикирлеримди, болгон чындыкты айттым. Анан мага сунуш түштү, мен мэрияга келгим деле келген эмес.

"Аюда" долбоорлорум бар болчу, аларды ишке ашырышым керек эле. Бирок мага мамлекеттик кызмат сунушталып жаткандан кийин андан баш тарткым келген жок. Жардам берейин деп чечтим. Бир гана нерсени так айта алам: бул "Аюнун", "Кыргызстан" партиясынын, Абдыкеримовдун квотасы эмес деп Кудай алдында да, мыйзам алдында да айта алам.

Булак: "Азаттык"

Последние новости