www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына элге кайрылып, ыраазычылыгын билдирди.

“Калайык! Бул тумоо, бул оору жаңы бир балээ күндө жолун, багытын өзгөртүп атат. Ар бир өлкө алына жараша күрөшүп жатат. Элибизге, сиздерге рахмат, таазим. Кичинекей бала телефон алам деп чогултуп жүргөн акчасын берип атат, өмүрү узун бактылуу таалайлуу болсун!

Үмүт оту алоолонду! Кыргыздын тээ алыскы айылынан бир малдуу 10 топозун сатып акчасын элге жумшап атат. Оуу бир убак келет малың өрүшүңө батпай калат! Буйурса! Тоңдо 80 жаштагы Апа пенсиясын берди. Муунум бошоп толкундандым! Апаке рахмат. Канча бизнесмен иш жерлерин элге ачты, таазим силерге. Миллиондорду тапкыла!

Канча маданият тармагында иштегендер элге жардам беришти, миллиондорун бөлүштү, талантыңар өркүндөсүн.

Уучубуз кур эмес. Бийлик менен эл чогуу чаран бул балээден да чыгабыз.

Ушул кыйчалыш убакта элдин мүлкүнө кол салып уурдап аткандарга наалат, убакыт келет баарына жооп берет мыйзам алдында.

Ажобуз, өкмөтүбүз, жергиликтүү бийлик биз эл менен чогуу бирбиз, жаныңардабыз. Иштеп атабыз баардык нерсе көрүнгөндөй эмес, чындыгы, жакшысы көп, жаманы , калпы аз. Бизди деле сүйүп ийип аткан жок, бирок ишениңиздер бар күчүбүз менен иштеп атабыз»,-деп Балбак Түлөбаев билдирүү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости