www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мининистрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Ч.Кожошевдин демилгесинин негизинде “Менин ыйык-мекеним” аталышындагы маданий иш-чара ЖАМКнын № 14 тарбиялык мекемесинде уюштурулду.
Иш-чаранын максаты аталган мекеменин кызматкерлери Жазык-аткаруу тутумунун 135-беренесине ылайык тарбия иштериндеги усулдук жаңы ыкмаларын иш жүзүндө колдонуу улантылууда.
Сыйлоо чарасынын бул түрү өспүрүмдөргө стимул берүү менен соттолгондордун мекеме кызматкерлерине карата мамилесин жакшы жагына өзгөртүп, оңолуу жолуна түшүүсүнө багыт берет.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жаш өспүрүмдөр тарабынан ЖАМКнын № 14 тарбиялык түзөтүү мекемесинин күн тартибине жана ички эрежелерине жооп берген, журум-турумдун, эмгекке жана окууга умтулуунун, жасаган кылмышы менен келтирген зыяндын ордун толтуруу аракетин көрүүнүн жана маданий иш чарага жигердүү катышкандыктары үчүн 14 окуучуну мекеме жетекчисини чечими менен Kaра-Балта шаарында жайгашкан “Жаштык” кино театрына кызматкерлердин коштосунда 4 (терт) сааттан ашпаган убакытка чыгуу укугу берилди.
Иш-чарага Кара-Балта шаарынын мэриясынан колдоо көрсөтүлүп, аталган театрда “Күрөш” аттуу кыргыз кино тасмасы тартууланып, мэрия өкүлдөрү көрүүчүлөргө кылмыштуулукка барбоосуна жана келечекте ак эмгек менен коомго керектүү инсан болуп чыгаарына ишеним артаарын билдиришип, тез татым тамак-аштарын жана шириндик суусундарын таратышты.
Эркиндиктин кадырын сезген өспүрүмдөрдүн жүздөрүндө сөз менен жеткире алгыс кубанычтын белгилери байкалып турду.