www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сыртынан караганда сыры билинбегендей. “Жылан чакпай, жылкы теппей” бажы кызматынын төрагалыгынан Самат Исабеков жылып кеткендей туюлду.

А көшөгө артынан чатак чыкканы, коррупцияга шек саналганы ыраспы?

Ири акчаларды эптештире албай калганбы? УКМК кол астындагы кызматкерлерин кармап, көрсөтмө алганбы? Айтор, суроолор жоопсуз.

Натыйжада, бажы кызматына Алмаз Салиев дайындалды. Бул жетекчи коомчулукка анча белгисиз, жетишкендиктери, кемчиликтери ачыкталбаган, бүдөмүк жагы бар экен. Болгону Самат Исабековдун орун басары катары системаны ичкериден билсе керек.

Ырааттуу, майнаптуу иштеп, үлгү жаратабы, же мурдагылардын жолун жолдоп, жаза басабы? Жакында билине баштайт...

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости