www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы балдар аянтчасында өспүрүмгө кол көтөргөн аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-август күнү Жалал-Абад ШИИБге Сузак районуна караштуу Октябрь айылынын 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 17-август күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Плаза” соода борборунун 4-кабатында 2012-жылы туулган баласын бейтааныш, 30-35 жаштар чамасындагы аял киши бети-башына урганын айткан.

Аталган маалымат катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Ал эми жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Натыйжада 2012-жылы туулган өспүрүм баш мээсинин чайкалуусу менен Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына жаткырылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 20-августта социалдык тармактарда балдар аянтчасында аялдын балага кол көтөргөн видеосу тараган.

Последние новости