www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көлдө аялды

Ысык-Көлдө аялды чачынан тартып сууга чөктүрүп жаткан видео боюнча облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү баштады. Милициянын билдирүүсүндө, арыз түшкөн эмес. Анын катышуучулары ден соолукту чыңдоочу процедура жүргүзгөнүн айтышкан.

Белгилей кетсек, видеону 21-августта Facebooк тармагындагы баракчасына журналист Гүлмира Нурмамат жүктөгөн. Бүгүн ал аны сууга чөктүрүп жаткан Өмүрбек Жалилов менен бирге билдирүү жасады.

Өмүрбек Жалилов аялды учуктап жатканын айтат.

«Бул ата-бабадан келе жаткан ыкма. Мурда суу менен бетине чачып учуктап коюшчу. Биз дагы Гулмираны учуктап жатканбыз. Аны менен нервин калыбына келтирүүгө болот. Видеону күйөөсү тарткан», — дейт өзүн психолог деп тааныштырган адам.

Гүлмира Нурмаматов дагы ахыбалы жакшы экенин кабарлады.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Жалилов Facebook баракчасында өзүн психолог-доктур деп белгилейт. Анын курстары 3 миң сомдон жогору.

Последние новости