www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатат. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова 2-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.

Организмдин мультисистемалык сезгениши деп аталган бул ооруга чалдыккандар буга чейин өлкөдө катталган эмес.

Белгилеп кетсек, Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен.

Азыр Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:

1. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (Бишкек)

2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек)

3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы (Ош)

4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу)

5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек)

Шүкүрованын маалыматына караганда, аймактык ооруканаларда да балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости