www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардагы ак кандын алгачкы белгилери айтылды

Онколог Михаил Мяснянкин балдардагы ак кан оорусунун биринчи белгилерин атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Медиктин айтымында, дарт өрчүп жатканда бала арыктап, бат чарчап, ыйлаак болуп, кубарып баштайт. Ошондой эле, тамакка табити тартпай, айланада эмне болуп жатканына көңүл деле бурбай калат.

Дарыгер рактын бул түрү балдарда биринчи кезекте генетикалык факторлордон улам пайда болорун белгилеген. Башкача айтканда, тукум кууйт. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнүн терс таасири да ооруну шартташы мүмкүн.

«Кош бойлуу мезгилде эненин чылым чегип, спирт ичимдигин ичүүсү да түйүлдүккө таасир этип, балада кандын рагын пайда кылышы ыктымал. Эненин кош бойлуу мезгилде жыныс органдарынын сезгениши да кооптуу», — деди Мяснянкин.

Мындан улам медик ата-энелерге балдардын абалына жана өзүн алып жүрүүсүнө жакшылап көңүл бурууну сунуштаган. Ошондой эле балдар дарыгерине барып туруу керектигин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости