www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарында 21-мартта бир жумага киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү 12-апрелге чейин узартылды.

Шаардык бийликтин жаңы буйругу менен Орозо айында «ооз ачтыруу» жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына он кишиден ашык чогулууга тыюу салынды.

Жума намазына мечиттерге жана чиркөөлөрдө жекшембилик жыйынга чогулууга да уруксат жок.

Мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан окууга өтүшөт.

26-мартта Алматыда коронавирустун тез жайылуучу жаңы түрү аныкталган.

Калкынын жалпы саны 19 миллионго чамалаган Казакстанда COVID-19 вирусу 289 миң адамга жукту, алардын 3 миңден ашууну каза болду.

Оору жуккандардын 13 миңге жакыны Алматы шаарында. Бул калаа оорунун жайылышы боюнча «кызыл зонада» турат. Илдетке каршы эмдөөдөн өткөндөр Алматыда 12 миңдин тегерегинде. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости