www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун жактоочусу Башкы прокуратурага кайрылып, анын бөгөт чарасын өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев «Азаттык» радиосуна билдирип, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу арызын жолдогонун айтты.

Жактоочунун белгилешинче, Жазык-процесстик кодекстин 118-беренесине ылайык, кылмышка шектүү адамда оор илдет аныкталса, анын бөгөт чарасын жумшартса болот жана бул үчүн мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган катары прокуратура тергөө судьясына өтүнүч келтире алат.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын эртеси нааразылык акциясы уюштурулуп, 6-октябрга караган түнү өлкөдө бийлик алмашкан. Акциялар уланып, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулган. Милиция аянттагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган. Бул үчүн 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов менен чогуу бир топ адам кармалган. Ниязовдон башкасынын баары үй камагына бошотулду. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Эске салсак, Ниязов ага чейин 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, абакта отурган.

Адвокаттын айтымында, ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган 1,5 жылдан бери ооруганы тууралуу эч нерсе айткан эмес, бирок жакында дарыгерлер текшергенде кан басымына байланыштуу өтө кооптуу оорусу бар экени аныкталды жана бул диагноз адамды тергөө абагында кармоого уруксат берилбеген илдеттердин тизмесине кирет.

Башкы прокуратура адвокаттын билдирүүсү жана арызы боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости