www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү инсан Райымбек Матраимов жөнүндө сөз болгондо анын бир тууган агасы Искендер Матраимовдун айткандары эске түшөт. Анын айтымында, иниси Райымбек бала кезинен баштап аракетчил болуп, кара жумушту майын чыгара жасаган эмгекчил экен. Башкалар бир торпогун багалбай жүрүшсө, ал үчтөн-төрттөн букаларды багып, чоң кишилерден өйдө оокат кылчу тура. Мээ кайнаткан күндүн ысыгында эртеден кечке кыш куюп иштеген үч-төрт балага караганда, күн баткандан таң атканча кыш куйган Райымбек көп иш бүткөрчү экен.

Мындай балдарды башка элдерде “вундеркинд, самородок, золотой мальчик” деп мактаса, бизде, кыргыздарда 5 жашка чыккан баласы ат минип алып мал айдап жүргөнү катардагы эле көрүнүш да. Жер иштетип, мал багып, ак эмгегинин үзүрүн көрүп, байып кеткендер толтура. Арасында миллионер эмес миллиардер болуп кеткендери, кааласа самолёт сатып алып, кааласа тик учактар менен учуп жүргөндөрү канча? Тоонун үстүндө жолтандабасын айдап алып жоголгон малын издеп жүргөн кыргыздар, малынын туягын кемитпей көбөйткөнгө кызыкдар. Төрт түлүк малдын түрүн баккан миллиардерлер миңдеген жылкылары, миңдеген койлору менен жайлоолорго батпай, жер жайнаган топоздорун тоого чыгарып ийгендери да бар. Миңденген жылкылары бар бир чоң көпөс Бишкекте мал базар ачып коюп, башаягы канча малы бар экенин өзү да билбейт дешет. Нарын дарыясында пароход сүзбөгөндүктөн Ысык-Көлдөн пароход сатып алган кыргызбай пароходго “Мамытбай” деп өз атын койдуруп, өзү каалаган, өзүнө жаккан пансионатын кошуп сатып алган. Үстү жагы ак бабочка ак көйнөк, асты жагы ак туфли, ак шымчан Мамытбай аппак сыр менен сырдалган пароходу “Мамытбайдын” жанында туруп, өзүн киного тарттырганы өзүнчө комедия.

Трагедиялык жагы – Аскар Акаевди башкарып алган Майрам Акаеванын капчыгы болуп, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, “бер” деген акчасын берип турган. Андан берки президенттер да “саап” келатышат го саан уйдай кылышып. Курманбек Бакиевдин убагында Кыргызстандын велокомандасын түзөлү десек, Мамытбайдын акчасы даяр, бирок жолдордун баары чуңкур эле. Ал кезде мизилдеген жолдорду салдырган экс-президент Алмазбек Атамбаев келе элек болчу Кыргыздын байлары жомоктогу “чык татырбас Чынарбай” болушуп, батпаган байлыктарын ачкөздүк менен дагы да көбөйткүлөрү келсе, Райымбек Матраимов элдик адам болуп, тапкан-тергенин элге чачат экен. Бала кезинен кыйынчылыктарды көп көргөн Райымбек кыргыз эли кыйналып турганда колунан келген жардамын аяган жок.

Пандемия убагында миңдеген адамдарга жардам берип жүргөн элдик адам катары мамлекет көрсөтө албаган жардамды Райымбек Матраимов көрсөттү го! Кыргыз элинин ден соолугу үчүн, амандыгы үчүн миллион эмес миллиард акча аябаган патриот инсан катары дагы 2 миллиард акча мамлекетке төгүп берди. Жогоруда айтылгандай, бир торпогун бага албай жүргөндөр миллиардер болуп чыгышса, үчтөн-төрттөн букаларды баккан Райымбек алардан да бай болду. Мектепте “2”, “3” алып окуп жүргөндөр айыл өкмөттөн Акүйгө чейин жутунушуп, кыргыз бийлигинде жүрүшсө, Райымбек жөнөкөй, жоош адам катары жүрө берди.

Эмгек жолун ишкерликтен баштаган Райымбек аракетчил адам болгондуктан, көтөрүлүп отуруп, бажынын орун басарлык кызматында иштеп калган. Анын жооштугунан пайдаланган шылуундар ага чейин болуп келген коррупциялык иштерди мойнуна илишип, акырында күнөөлүү кылып коюшту. Өзү болгону орун басар болсо, үстү жагынан суудан кургак чыгышкан мамлекеттик деңгээлдеги чоң коррупционерлер минип отурушса, айла жок курмандыкка айланды да калды. А эмне үчүн андан башка жүздөгөн бай адамдарды, мамлекетти талап-тоногон ири коррупционерлерди көрмөксөн болушуп, Райымбекке асылышты? Анткени, андайларды колго түшүрсө, кыргыз эли көтөрүлмөк тургай ыраазы болушуп, тазалануу процессин колдоп чыгышмак. Ал эми элдикин элге кайтарып, кыргыз эли үчүн кам көргөн Райымбек Матраимовду камаса кыргыз эли көтөрүлүп чыгарын алдын ала билген АКШ баш болгон капиталисттер адаттагыдай арам саясатын жүргүзүүдө.

АКШнын арам акчаларына кутурган көп сандаган НПОлор, Америка университети, саясатты, геосаясатты түшүнбөгөн Роза Отунбаева баш болуп Райымбекке асылып келатышат. Алардын максаты – Украина, Белоруссия, Армениядагыдай ызы-чуу жаратып, Райымбекти колдоп чыккан кыргыз элине көп сандаган НПОлорду аралаштырып, парламенттеги коррупция менен мафияны кошуп Кыргызстанды көңтөрүп ийүү. Капиталисттер басып өткөн кандуу жолдо көптөгөн мамлекеттер талкаланып, миллиондогон элдер азап тартышты. Кыргыздарга асылган капиталисттер канча мамлекетти талкалап, канча миллион адамдарды жок кылганы жөнүндө отчёт бериши керек.

Бүгүнкү күндө мурдагы таасирин жоготкон капиталисттер өздөрү барып туңгуюкка такалышты. Аларды Россия менен Кытай сыяктуу чоң державалар эмес Кыргызстандын жарымындай болгон Түндүк Корея да тоготпой калган. Түштүк Кореяда аскердик машыгууларын өткөргөн АКШ эки Кореяны кагыштырууну көздөп жатканы байкалууда. Ал эми 30 жылдык туңгуюктан чыгып келген Кыргызстанда болсо жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы жашоону башташыбыз керек. Кууланган капиталисттер кыргыз элин 200-300 жеке менчик партияларга бөлүп, чачыратып таштаганына карабастан, башаламандыктарга жол бербешибиз зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости