www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-июнунда, бүгүн Каракол шаарында № 2 кесиптик-техникалык лицейдин залында «Жаштардын коопсуз жана татыктуу эмгеги» аттуу темада кесиптик консультациялар – мамлекеттик органдардын, Каракол шаарынын мэриясынын, профсоюздун адистеринин кесиптик консультациялары өткөрүлөт.

Иш-чара 12-июнда белгиленүүчү – Балдар эмгегине каршы күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган. 2-июнунан 12-июнь аралыгындагы Балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөш боюнча он күндүктүн алкагында өткөрүлүүдө. Балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөш он күндүгү Эл аралык эмгек уюмунун колдоосу менен өтүп жатат.

Консультацияны уюштуруунун  негизги максаты – жаштардын 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин ишке орношуудагы мыйзамдары менен тартиптери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу,  өзүнүн эмгек укуктарын билүү жана коргоодо практикалык билим жана билим-шыктарга ээ болуу, ошондой эле балдарды жана өспүрүмдөрдү эмгектин эң оор түрүнө тартылуусунун алдын алуу. Жайкы каникул балдардын жана өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга чегерилүүсүн алып келет, мунун негизги себеби – жаштардын өз укугу жөнүндө билбегендик. Жаштарга консультация берүү суроо-жооп түрүндө, Каракол шаарында жаш балдардын эмгегин колдонуу мисалында  өткөрүлөт.

Жолугушууга Мамэкотехинспекциянын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспектору, Кесиптик лицейлердин окутуучулары, окуучулары, Ош ш. профсоюздары, соода базарлардын жетекчилери, жумуш берүүчүлөр катышып, практикалык кеңештерди беришет жана кабыргасы ката элек балдардын оор жумуштарга тартылуу тобокелчиликтерин азайтканга салым кошот.

Улуттук статкомдун жана ЭАЭУнун 2014-жылы өткөргөн изилдөөсү боюнча, 5 жаштан 17 жашка чейинки курактагы  балдардын 39% эмгек менен алектенет, айрыкча айыл жергесинде. Айыл жергесинде ар бир экинчи бала – 48,6%, шаарда ар бир бешинчи бала – 18,1%. Мында Ош облусунда эмгек менен 50,1%, алектенет, экинчи орунда Нарын облусу  49,3%,  үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу 48,8%, жана Ысык-Көл облусу  48,3%.

Иш-чара КР Өкмөтүнө караштуу Мамтехинспекциянын, Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин, Каракол шаарынын мэриясынын жана коомдук уюмдардын демилгеси менен уюшулуп жатат.

Суроолор менен Бүбү Токоевага кайрылыңыздар: тел: 0779234676

Булак: NazarNews.kg

Последние новости