www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектеп окутат, турмуш тарбиялайт.
(Юрий Рыбников)
Адамды бактылуу болууга үйрөтүү кыйын, бирок аны бактылуу боло алгандай кылып тарбияласа болот.
(Антон Макаренко)
арбиянын максаты – Кылмыш кодексин сыйлоону үйрөтүү.
(Аркадий Давидович)
Адам адебинин бузулушу оңой, оңолушу кыйын.
(Люк де Вовенарг)
Тарбия – улуу иш: ал адамдын тагдырын чечет.
(В.Белинский)
Тарбия – төрөлүү сыяктуу эле нерсе.
(Г.Лихтенберг)
Тарбия – карылыкка эң жакшы күлазык.
(Аристотель)
Тарбия – бул жашоого даярдоо.
(Дмитрий Писарев)
Баланын жандүйнөсүнө сүңгүп кирген адам гана тарбиячы боло алат, а биз, чоң кишилер болсо өзүбүздүн балалыгыбызды түшүнбөгөн сыяктуу эле балдарды да түшүнбөйбүз.
(Зигмунд Фрейд)
Азыр ата-энелер балдарды тарбиялабай, каржылап эле калышты.
(«Пшекруй»)
Достор ата-энеге караганда жакшы тарбия беришет, себеби, алар аяганды билишпейт.
(Андре Моруа)
Эгер балаңа айтар сөзүң калбай калса, “бар, бети-колуңду жуу” де.
(Эдгар Уотсон Хау)
Өзүнүн балалыгын эстей албаган киши – начар тарбиячы.
(Мария Эбнер Эшенбах)
Адамды канчалык тарбиялаба, ал баары бир жакшы жашагысы келет.
(Борис Замятин)
Тарбия – бул телевидениеге кайдыгер болууга үйрөтүү.
(Маршалл Маклюэн)
Балаң жаман жоруктарды сен качан аны жакшы мектепке жибергенде гана үйрөнө баштайт.
(Гектор Хью Манро)
Үйлөнгөнгө чейин менин балдарды тарбиялоо боюнча алты теориям бар болчу. Азыр алты балам бар, бир да теориям жок.
(Джон Уилмот)
Адамды өзгөртүш үчүн тарбияны анын чоң энесинен башташ керек.
(Виктор Гюго)
Балдарга насаат эмес, үлгү керек.
(Жозеф Жубер)
Балдарды эркелетиш керек, ошондо алар чыныгы каракчы болуп чоңоюшат.
(Евгений Шварц)
Балдарды көп ыйлатпагыла, кийин силер өлгөндө ыйлайын десе көз жашы түгөнүп калган болот.
(Пифагор)
Уулуңду “чөнтөгүңө эмнелерди салып алгансың?” деп тилдегенден мурда, өзүңдүн сумкаңда эмнелер бар экенин карап көр. Балдарың токтолушун кааласаң, адегенде өзүң токтол. Балдар – биринчиден, бизден тамыр, экинчиден, канат алуулары керек.
(Америка накылы)
Балдар сүт, анан мактоо менен азыктанышат.
(Мэри Лэм)
Эгер сен өзүңдүн балалыгыңды насаат иретинде пайдалангың келсе, анда “менден үлгү ал” дебей, “мендей боло көрбө” деп айт.
(Джордж Бернард Шоу)
“Балдарым мени укпайт” деп кыжалат болбой, “алар дайыма мени карап, байкап турушат” деп кыжалат бол.
(Роберт Фулем)
Жакшы бала кандай болорун бир да жолу көрбөсө, баланын жакшы болушу өтө кыйын.
(“14,000 Quips & Quotes”)
Тарбия – бул окуу процесси, анын башталышында баланы сүйлөгөнгө, акырында унчукпаганга үйрөтөбүз.
(Л.Левинсон)
Мыкты тарбия – бул өзүң жөнүндө жакшы, башкалар жөнүндө жаман пикирде экениңди жашыра билүү.
(Марк Твен)
Булак: Азия News гкзити