www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министрлиги 21-апрелге карата жалпысынан баасы 2,5 миллиардга жакын сомго беш миңден ашык насыя берилгенин билдирди.
Акча жашылча-жемиш өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деген үч тармак аркылуу бөлүштүрүлгөнүн маалымдады.
Белгилей кетсек, буга чейин парламентте жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканы, банктарда кезек күтүүлөр арбын экени тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Өкмөт өткөн айда "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 миллиард сом бөлгөн.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 миллиард, ал эми “РСК Банкына” 4,5 миллиард сом бөлүп берүү тапшырылган. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленген.
Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.
Булак: NazarNews.kg