www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн тургунунан эки аюунун териси алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери эки аюунун териси мыйзамсыз аңчылык жолу менен алынганын аныктады.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде Ак-Суу районунун Сары-Жаз-Сырт өрөөнүнүн тургуну Т.А. китепке кирген эки аюунун терисин сактап жүргөнү аныкталган.

Алдын ала маалыматта аюуларга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жүргүзүлгөн.

Туристтик-экологиялык милиция тери качан, кандай шартта алынганы тууралуу баа берүү үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистерин чакырган.

Материалдар Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, каттоого алынган иш боюнча тергөө амалдары башталды. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 267 жана 308-беренеси менен каралып жатат.

Мындан сырткары тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ак-Суу районунун Сары-Жаз сырт өрөөнүнүн тургуну Т.Адан мындан сырткары уруксат кагазы жок бир сайлуу мылтык алынган.

Өкмөттүн 2013-жылдагы токтомуна ылайык, аюуга аңчылык кылуу (атуу, кармоо) үчүн айыппулдун өлчөмү 1 млн. сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости