www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа өнөр жайы жакынкы жылдары сезилерлик экономикалык жоготууларга кабыларын эске алышы керек, компаниялар энергоресурстардын кымбатташынан, логистикалык чынжырчанын үзүлүшүнөн жапа чегип жатышат. Бул туурасында Герман өнөр жайчылар союзунун (BDI) жетекчиси Зигфрид Русвурмдун айтканын РИА Новости жазды.
Русвурм бул маселеге Франция президенти Эммануэль Макрондун кайра шайланышы боюнча сүйлөп жатканда токтолгон.
"Эммануэль Макрондун кайра шайланышы Франция жана бирдиктүү Европа үчүн маанилүү сигнал болду. Герман өнөр жайы Франциянын эл аралык кризис учурунда күчтүү өнөктөш катары кала бергендигине жеңилденүү менен карады. Европа өнөр жайы жакынкы арада сезилерлик экономикалык жоготуулар менен эсептешиши керек. Компаниялар энергоресурстардын кымбатташынан, логистикалык чынжырчанын үзүлүшүнөн жапа чегип жатышат", — деген Русвурм.
Ал Берлин менен Париждин тыгыз кызматташуусу "келген россиялык энергоресустардан көз карандылыкты азайтып, заманбап Европанын экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөдөгү алмаштыргыс нерсе" деп кошумчалаган.
Буга чейин Эммануэль Макрон президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетишкени маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg