www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баштапкы эмдөө менен бустердин кандай айырмасы бар? Жооп

Республикалык штаб коронавируска каршы баштапкы эмдөө менен бустердик (үчүнчү) дозанын айырмачылыгы тууралуу маалымат берди.

Бустер/бустердик инъекция — вакцинанын кошумча дозасы, ал убакыттын өтүшү менен иммунитеттин түшүүсүнөн улам бейтаптын иммундук системасын бекемдөөгө арналган. Бустердик доза бардык адамдарга, айрыкча тобокел топторго киргендер үчүн сунушталат.

Бустердик дозаны баштапкы эмдөөнү алгандан кийин алты ай өткөн соң алуу керек. Бул доза үчүн башка вакцинаны колдонууга дагы болот. Бул үчүн атайын схема иштелип чыккан.

Эгерде сизде каршы көрсөтмөлөр болсо, тобокелдиктерге жол бербөө максатында дарыгер менен кеңешүү зарыл. Ал эми вакциналарды аралаштыруу коопсуз гана эмес, пайдалуу да болот. Лондондук окумуштуулардын пикиринде, ар башка технологиялар боюнча өндүрүлгөн эки түрдүү вакцинаны аралаштыруу күчөтүүчү натыйжа берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости