www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардын саламаттыгы үчүн өнөктөштүк

2025-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кайрымдуулук уюмдарынын жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнестин өкүлдөрүн кабыл алып, балдарды колдоого жана балдардын саламаттыгын коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр кайрымдуулук өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам саламаттык сактоо тутуму үчүн өзгөчө баалуу экенин белгилеп, ал балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн реалдуу муктаждыктарына — дары-дармек менен камсыздоодон жана дарылоодон тартып психологиялык жана социалдык колдоого чейин — багытталганын баса белгиледи.

«Сиздердин ишиңиздер — бул чыныгы жоопкерчиликтин жана адамдык камкордуктун көрүнүшү. Ушундай демилгелердин аркасында биз балдарыбыздын саламаттыгы жана келечеги үчүн биргеликте көбүрөөк иштерди аткара алабыз. Саламаттык сактоо министрлиги сиздердин салымыңыздарды жогору баалайт жана мындан аркы кызматташууга ар дайым ачык», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

 

Последние новости