www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликтин бир катар кызматкерлерине бир жыл ичиндеги ак ниет, жоопкерчиликтүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн ведомстволук сыйлыктарды жана төш белгилерди тапшырды.

Сыйлоо аземинде министр кызматкерлердин тармакты өнүктүрүүдөгү салымын белгилеп, алардын кесипкөйлүгү, демилгелүүлүгү жана мамлекеттик кызматка берилгендиги министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

Нурдан Орунтаев сыйлык ээлерин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан ары да курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иштерге активдүү катышып, жоопкерчилик менен эмгектенүүгө чакырды. Ошондой эле министр жалпы жамааттын алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.

Сыйлыктар министрликтин ишмердүүлүгүнө кошкон салымы, кесипкөйлүгү жана кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн ыйгарылды.
