www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Насирдин Тегин Асылбек Төлөн уулу 2025-жылдын 29-декабрынан тартып Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору кызматына  дайындалды.

Жаңы директорду эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков тааныштырды.

Филармониянын жаңы директорунун таржымалы:

Насирдин Тегин Асылбек уулу
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Ч. Айтматов атындагы эл аралык жаштар сыйлыгынын ээси, Эл аралык жана республикалык конкурстардын лауреаты.

Туулган жылы жана жери: 1-октябрь 1978-жыл, Бишкек шаары. Маданияттын эмгек сиңирген кызматкерлери Төлөн Насирдинов жана Бадышахан Караевнанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Билими:

 • 1995 – П. Шубин атындагы борбордук балдар музыка мектеби, комуз классы, Мугалимдери: Э. Эсеналиев, А. Айталиев.
• 1998 – М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы, Мугалими: Н. Жусурова
• 2005 – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы, чоор классы.
• 2008–2010 – ассистент-стажёр, Кыргыз Улуттук Консерваториясы.
• 2022–2023 – опералык-симфониялык дирижёрлук (азыр академиялык тыныгууда).

Эмгек жолу:

• 2005–2013 – Бишкек шаардык драма театры, “Саамал” фольклордук ансамблинин жетекчиси – “Чудаки”, “Курманжан Датка”, “Эсимде” спектаклдеринин музыкасынын автору.
• 2014 – Т. Абдумомунов атындагы Улуттук драма театры (“Бурулча” спектаклинин музыкасы).
• 2013–2016 – “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун артисти.
• 2014–2022 – Кыргыз Улуттук Консерваториясы, улуттук аспаптар кафедрасы, улук окутуучу.
• Учурда – Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору.

Чыгармачылык жана аткаруучулук ишмердүүлүк

• Мыкты инструменталист жана аспап жасоочу
• Аткара турган аспаптары: чопо чоор, сыбызгы, чогойно чоор, жыгач жана темир ооз комуз, комуз, кыл-кыяк, чымылдак, сурнай, чоор ж. б.
• К. Орозов, Ы. Туманов, А. Огонбаев, Ш. Шеркулов, А. Каримов, А. Кыдырназаров сыяктуу композиторлордун күүлөрүнүн чебер аткаруучусу.
• 2015-жылы жеке чыгармачылык концерти.
• Кыргызстан аймактарында жана чет өлкөлөрдө жеке концерттик программалар.
• Чопо чоор, чогойно чоор, жыгач ооз комуз, сыбызгыны өнүктүрүп, дыбыш мүмкүнчүлүгүн 1.5 октавага чейин кеңейтүү боюнча автордук жаңылыктар.

Эл аралык жана өлкө ичиндеги гастролдор

Кыргыз музыкасын төмөнкү шаарларда даңазалаган: Нью-Йорк (Карнеги Холл, La MaMa театры – Yo-Yo Ma менен бирге), Стамбул, Анкара, Измир, Баку, Токио, Лондон, Париж, Будапешт, Рим, Хельсинки, Осло ж.б.  

Автордук чыгармалары:

Кыргызпатентте катталган күүлөр: «Улуу көч», «Чабарман», «Токой аралап», «Жомок», «Асанбайдын элеси», «Бий», «Кербен», «Кыргыз жолу», «Балбал түн», «Жалбырактар саргайганда», «Сагындым сени», «Жеңиш», «Мекеним менин Кыргызстан», «Сүйүү жазы», «Жорголор», «Жарыш», «Бул дүйнө», «Күү майрам» жана башка.
 
Соло альбомдору:

«Муундан муунга», «Жарыш», «Баатыр» кинофильмине саундтрек (2015)

Сыйлыктары

• 2000 – Интеллектуалдык менчик кызматынын I-даражадагы диплому
• 2002 – “Талас таңшыйт” улуттук фестивалынын I-даражадагы диплому
• 2002 – “Бишкек жазы” фестивалынын ардак грамотасы
• 2003–2004 – Президенттик “Алтын Шаты” стипендиясынын лауреаты
• 2005 – Казакстан, Астана: эл аралык сынактын II-сыйлыктын лауреаты
• 2007 – Маданият министрлигинин сертификаты
• 2010 – Казакстан Маданият министринин Ардак грамотасы (“Улуу далаа” фестивалы)
• 2010 – Эл аралык Ч. Айтматов фондунун алтын медалы
• 2014 – Т. Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган фестивалдын грамотасы
• 2022 – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти.

Последние новости