www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубат Оторбаев: Балдардын ишин караган атайын соттор болуш керек. Ал эми бизде ошондой соттор эмдигиче түзүлө элек. 2014-2018-жылдык мамлекеттик программа болгон. Ошого ылайык соттор иштеп калышы керек эле. Бирок соттор түзүлгөн жок. Балдарды соттогондо темир тор артына олтургузуп, көпчүлүк менен суракка алып соттоо, балдардын психологиясына терс таасирин тийгизет. Балдарды соттоонун өз эрежелери бар, ошол нерсе сакталбай жатат. Айрым учурда сот процессинин убагында балдар жабык мекемелерде бир жылга чейин, кээде мындан дагы узак мөөнөткө кармалып калган учурлар бар. Буга соттун создуктурулуп каралганы себеп болгон. Тергөө изоляторлорунда балдарга окуусун улантууга шарт жок. Натыйжада жашы жете электер адистештирилген билим ала албай, турмушта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, андан ары өсүшүнө кедергисин тийгизет. Бул келечекте бул жерге түшкөн жеткинчектер кылмыш дүйнөсүнө жакындашуусуна шарт жаратууда.

Последние новости