www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Оштун Араван районунда энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Акыйкатчы институтунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери сабалган кыздардын абалын билүү үчүн Араван райондук ооруканага барышкан. Бирок кызматкерлер барган учурда кыздарды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө алып кеткендиктен, жолуга алган эмес.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери экспертиза жүргүзгөн Араван райондук соттук-медициналык эксперттер менен жолугуп, алардан кыздардын абалы тууралуу маалымат алышкан.

Эксперттердин айтымында, кыздардын денесинде көптөгөн көк-ала тактар, шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу экенин билдиришкен.

Андан тышкары өкүлчүлүктүн кызматкерлери кыздарын сабаган С.Д. менен жолугушкан. Ал учурда Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурат.

Кылмышка шектүү С.Д. окуя боюнча өз версиясын айтып берген. Анын айтымында, ал биринчи күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин башка бир адам менен жарандык никеге турган. Жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана кайненеси ага психологиялык басым жасап келишкен. Ал ызасынан улам ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

«Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген», — деп айтып берген.

21 жаштагы С.Д. ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес. 18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок анын атасынын эжеси атасынын үйүнө жашап алып, аны киргизбей койгон. Атасынын эжеси да күйөөсү менен ажырашып, 5 баласы болгон.

Андан кийин ал (С.Д.) С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашай баштаган. Бирок экинчи күйөөсүнүн туугандары анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайненеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кармалган С. Д.нын айткан версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүшкөн.

Укук-коргоо органдары берген маалыматтарга таянсак, кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды. Акыйкатчы укук коргоо жана прокуратура органдарын кыздардын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.

Ошондой эле, өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан. Алар берген маалыматка ылайык, кыздардын ар бирине 2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин 1200 сомдон жөлөк пул төлөнүп келген. Андан кийин тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери кыздарга жөлөк пул төлөнгөн эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга аял киши 2 кичинекей баласын сабап жатканы тартылган видео тараган. Кийин бул окуя боюнча 21 жаштагы С.Д. аттуу келин  кармалып, ал эгиз кыздарын сабаганы аныкталган. 21 жаштагы келинге карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынган.

Кийин эгиз кыздар өз атасына өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости