www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан ШКУнун катарында

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн калкынын жалпы саны 3,3 миллиарддан ашуун же дүйнө элинин 42 пайыздан ашууну уюмга мүчө мамлекеттерге туура келет. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ички дүң өндүрүм 45 трлн. доллардан ашат. Кыргызстан ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат. ШКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө умтулат, соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди кубаттайт.

Кыргызстандын ШКУ менен тыгыз кызматташтыгы соода жүгүртүү боюнча статистикадан көрүнүп турат. 2022-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн үлүшүнө Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 79,0 пайызы туура келген. Бул 2021-жылга салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүү 1,7 эсеге өскөндүгүнөн кабар берет. Бирок Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып, тилекке каршы кечеңдеп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости