www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Балыкчы эт комбинатынын» 100% акциясы мамлекетке өттү

«Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100 пайыз акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда “Рыбачы эт комбинаты” болуп саналган, аянты 10,7 га болгон «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү.

Тактап айтканда, УКМК 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейинки мезгилде У.С.И. «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп туруп, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган өнөр жай объектисин жана жер участогун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттик баланстан чыгарылгандыгын аныктады.

Последние новости