www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төкмө акын Асылбек Маратов социалдык тармактагы баракчасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында түшкөн сүрөт жарыялап, эскертүү алып чыкканын жазды.
«Кудайга шүгүр. Эскертүү алып чыктым, эми Эгем жар болсун. Эч кимге абак каалабайм. Эл көңүлү шаң болсун»,— деп жазган ал.
Ал жергиликтүү ЖМКларга УКМК киргенин тастыктаган. «Быйыл 17-январда Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеде саясий окуяларды кошуп ырдадым эле. Ошол сөздөрүм үчүн эскертүү алдым»,- деген Т-медиага.
УКМК бул боюнча маалымат бере элек.