www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК билдиргендей, «Балыкчы-Жүргүнчү» ишканасына тиешелүү болгон жер жана имараттарды менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу текшерилди.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө жеке тараптар Балыкчы шаарындагы кампа имараттарын жана башка курулуштарды камтыган аянты 1,8 гектарга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актты (кызыл китеп) мыйзамсыз алышкандыгы аныкталган.
Аталган мүлктөр Ысык-Көл облустук мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түз сатуу жолу аркылуу жеке жактарга өткөрүлүп берилген.
Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жер тилкеси имараттары менен бирге Балыкчы шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү», - деп айтылат расмий маалыматта.