www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчыда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан «Йакын Инкар» ДЭКтин мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2024-жылдын 21-августунда Балыкчы шаарынын тургундары болгон «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 6 мүчөсүнө түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында ДЭКтин мүчөлөрү «Йакын инкар» радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, ага мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты. Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив учурларын болтурбоо максатында УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

УКМК жарандарга Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Последние новости