www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчыда Орусиянын учактарынын машыгуусу өтүп жатат

Бул тууралуу Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаардык мэриясы Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Анда "Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн окуу жылынын күжүрмөн планынын негизинде 2022-жылдын, апрель айынын 1,5,8,12,14, 15,19,21,22,26,28 жана 29 чейин 20636 Аскер бөлүгүнүн окуу борборунун талаасында Орусиянын учактарынын күжүрмөн учуу машыгуусу өткөрүлөт. Убактылуу келитирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!", - деп жазылган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги дагы, Орусия дагы бул машыгууга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Бишкектен анча алыс эмес Кант шаарында Орусиянын аскер базасы бар.

Өткөн айдын аягында Балыкчыда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн "Калкан-2022" атайын тактикалык машыгуусу өткөн. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, аймактагы ар кандай коркунучтардын алдын алуу иш-аракеттерин коңшу мамлекеттер менен чогуу жүргүзүү керек деп эсептерин билдирди.

Бул машыгууда кыргыз аскерлери “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын колдонгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости