www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-апрелде Нур-Султандагы ИИМдин имаратынан алдында каржы пирамидасынан жабыр тарткан Багила Досмаилова өзүнө өрт койду. 32 жаштагы келин ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Нур-Султан шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, аял дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын абалы “дагы деле оор” катары бааланууда.

Соцтармактарда жарыяланган видеодо өзүнө өрт койгон аялга карапайым кишилер жана полициячылар жардам берип жатканын көрүүгө болот. Эки полициячы өрт өчүрүүчү баллондон көбүк чачканда гана жалынды өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Нур-Султан полициясынын маалымат кызматы билдиргендей, тартип сакчыларынын бири колун күйгүзүп алган. Бул факты боюнча “Өзүнө-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Досмаилова Mudarabah Capital каржы пирамидасы боюнча козголгон иште жабарылануучу. Күн мурун ал “Инстаграмдагы” баракчасына өзүнүн өлүмүнө Алматы полиция департаментинин башчысынын орун басары Рустам Абдрахмановду күнөөлүү экени жөнүндө пост жазган. Ал Абдрахманов “бул ишти жабууга ашыгып жатканын” билдирген.

Өзүн-өзү өрттөө окуясынан кийин Рустам Абдрахманов бул иш боюнча 14 киши шектүү катары таанылганын, экөөнө эл аралык издөө жарыяланганын айтты. Мындан тышкары алты шектүү камакка алынган, үчөөнү сот күрөө менен бошоткон, экөө үй камагында, дагы бирөө эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат жазып берген.

Досмаилова Mudarabah Capital компаниясын жарнамалаган жергиликтүү вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду жоопко тартууну талап кылууда. Рынокто өзүн инвестициялык түзүм катары сыпаттаган компаниянын аракетинен каржы пирамидасынын белгилери табылган. Вайнерлер бул иште шектүү катары көрсөтмө беришүүдө. Алар үч миллион теңге күрөө менен бошотулган.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Досмаилованын үй-бүлөсү бул түзүмгө азыркы курс боюнча 45 миң доллар акча салган.

Соңку жылдары Казакстанда каржы пирамидасын түзүү боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны көбөйдү. Айрым жеке коммпаниялар алдамчылык жол менен жарандардын ондогон миллиард теңге акчасын уурдап алууга айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча он миңдеген казакстандыктар каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости