www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роб Бауэр: «НАТО орус-украин согушуна катышпайт»

Орусиянын Украинадагы атайын аскерий операциясынын негизги жыйынтыгы Орусиянын чек арасына жакын жерде Түндүк Атлантика альянсын чыңдоо болду. Бул тууралуу НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы адмирал Роб Бауэр билдирди, деп билдирет Reuters.

Ал кошумчалагандай, альянс Украинаны «жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы менен» камсыз кылууну улантат. Ошол эле учурда төрага НАТОнун позициясын ырастады, ага ылайык альянс орус-украин чатагына түздөн-түз катышуудан баш тартат.

Бауэрдин айтымында, НАТО уюмга мүчө өлкөлөрдөн Украинага курал жеткирүүнү талап кылбайт, бул эгемен өкмөттөрдүн ыктыярдуу чечими.

Буга чейин саясат таануучу Самане Акун ирандык «Кайхан» гезитине жазган макаласында АКШнын Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жардам берүүдөн баш тартып, Орусия менен тирешип, анын аскердик атайын операциясына кийлигишүүсүнүн себебин атаган.

Анын айтымында, Вашингтон муну жасай албайт, анткени ал өзүнүн саясий таасирин жоготкон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости