www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарында ИИМдин ЖКККББнын эки кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын тутумундагы туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Тактап айтканда, туристтик сезон мезгилинде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБнин ЖКККБнын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 2024-жылдын 31-июлунда Балыкчы шаарынын аймагында КР ИИМдин ЖКККББнын эки кызматкери пара талап кылган деп шектелип кармалды.

Ошол эле күнү Балыкчы шаардык ИИБнин Катардык плацында аппараттын, полктун жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчилигинин, КР УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган дагы башка инспекторлор катардан чыгарылып, кармалган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда белгиленген коррупциялык схемага КР ИИМ ЖКККББнын башка жооптуу кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда. Ошондой эле жасалган кылмыштардын факт жүзүндөгү жагдайларын аныктоого багытталган чаралардын комплекси жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бардык тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Последние новости