www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция жасалат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы бейтапка сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациялоо операциясы жасалат.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк чучугун алмаштырууга даярдалат.

Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат.

Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берерин министрлик билдирди.

“Бүгүн Кыргызстанда балдар онкологиясын дарылоону өнүктүрүүнүн маанилүү учуру болуп саналат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоонун башталышы рак илдети менен ооруган балдарды дарылоо үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз бул алдыңкы технологияларды ишке киргизүү кичинекей бейтаптарыбыздын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат жана жашоо сапатын жакшыртат деп ишенебиз", - деди Бейшеналиев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости